Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 07.09.2018 10:06 На русском

У.Рыскулов Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагалыгынан бошотулду

Turmush -  Рыскулов Уланбек Дуулатович КРнын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, ал кызматынан бошотуу жөнүндө өз каалоосу менен арыз жазган. Анын негизинде У.Рыскуловду кызматынан бошотуу тууралуу буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×