Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 05.09.2018 14:24 Жаңыланды: 05.09.2018 14:41 На русском

Видео: «Жаңы гимн» чыгарган депутат элден кечирим сурады

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев («Республика — Ата Журт») кыргызстандыктардан кечирим сурады. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнин туура эмес аткарган депутаттын кайрылуусун парламенттин басма сөз кызматы бүгүн, 5-сентябрда таратты.


Анда: «Гимн – кыргыз элибиздин башкы мамлекеттик символдорунун бири. Анда биздин байыркы тарыхыбыз, эркиндикке болгон мүдөөбүз жана жаркын келечекке карай умтулуубуз туюнтулган. Гимнди эгемен өлкөбүздүн ар бир атуулу билүүгө милдеттүү. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, гимнибизди жаңылыш аткарып алганым үчүн кыргыз элимден башымды ийип кечирим сурайм жана абдан өкүнгөнүмдү билдирем. Ошондой эле гимнибизди мындан ары кынтыксыз аткарууга милдеттеме алам», - деп айтылат.

Депутат гимнди өзү каалагандай, такыр башкача сөздөр менен ырдаганы социалдык тармактар аркылуу тараган болчу.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни Жогорку Кеңештин 1992-жылдын 18-декабрындагы токтому менен бекитилген. Анын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев жазса, музыкасы Насыр Давлесов менен Калый Молдобасановго таандык.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни

Ак мөңгүлүү аска-зоолор, талаалар,
Элибиздин жаны менен барабар.
Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп,
Сактап келди биздин ата-бабалар.

Кайырма:

Алгалай бер, кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырың колуңда.

Байыртадан бүткөн мүнөз элиме,
Досторуна даяр дилин берүүгө.
Бул ынтымак эл бирдигин ширетип,
Бейкуттукту берет кыргыз жерине.

Кайырма:

Алгалай бер, кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырың колуңда.

Аткарылып элдин үмүт, тилеги,
Желбиреди эркиндиктин желеги.
Бизге жеткен ата-салтын, мурасын,
Ыйык сактап урпактарга берели.

Кайырма:

Алгалай бер, кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырың колуңда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×