Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 04.09.2018 11:31

Көчмөндөр оюндары: Медалдык эсепте Казакстан 1-орунга, Кыргызстан 2-орунга чыкты

Turmush -  Ысык-Көлдө өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы медалдык эсепте Казакстандын спортчулары 1-орунга чыкты.

Оюндардын экинчи күнүндө алыш жана армрестлинг боюнча 24 медаль ойнотулду. Учурда Казакстандын спортчулары жалпы 17 медаль утту. Алардын ичинен 7 медаль алтын болсо, 7 медаль күмүш, 3 медаль коло.

Ал эми Кыргызстандын куржунунда 15 медаль бар. Алардын ичинен 4 медаль алтын болсо, 4 медаль күмүш, 7 медаль коло. Түркмөнстандын командасы 3-орунга чыкты. Мелдештер башталган 2 күндөн бери 19 мамлекеттин спортчулары медаль утушту.

Медалдык эсеп:

ВИК: игры кочевников

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×