Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Баракелде, Дүйнө 04.09.2018 08:25

Роналду, Модрич жана Салах жылдын мыкты футболчусу наамына талапкер, Месси тизмеде жок

Turmush -  ФИФА 2017-2018-жылдардагы сезондун жыйынтыгы боюнча дүйнөдөгү мыкты футболчу наамына талапкер болгон 3 футболчуну атады.

The Best 2018 сыйлыгынын финалисттери катары «Ювентус» клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду, «Ливерпуль» клубунун жарым коргоочусу Мохаммед Салах жана «Реал Мадрид» клубунун жарым коргоочусу Лука Модрич аталды.

2006-жылдан бери биринчи жолу «Барселона» футбол клубунун чабуулчусу Лео Месси аталган сыйлыкка талапкер болбой калды. Жеңүүчүгө наамды тапшыруу аземи 24-сентябрда Лондондо өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×