Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Баракелде, Бишкек 01.09.2018 12:15

Жеңил атлетчи Д.Маслова алтын медаль утканы үчүн 1 млн сом сыйлык алат

Turmush -  Жеңил атлетчи Дарья Маслова КРнын жеңил атлетика федерациясынан 1 млн сом сыйлык алат. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда федерациянын президенти Канат Аманкулов билдирди.

«Тарыхта биринчи жолу кыргызстандык спортчу бир оюнда алтын жана күмүш утту. Ал кийин эле мелдешке чыкты. Аба ырайы абдан оор болду. Акыркы 5 жылдан бери аны Виктор Борисов машыктырат. Ал үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Дарья Маслова КРнын жеңил атлетика федерациясынын атынан 1 млн сом сыйлык алат», - деди Аманкулов.

Дарья Маслова Индонезияда өткөн Азия оюндарында 10000 метр аралыкка чуркап алтын медаль уткан. Кийинки күнү 5000 метр аралыкта күмүш медаль утту. Өкмөттүн буйругу ылайык, Д.Маслова алтын медаль үчүн 1 млн 250 миң сом, күмүш медаль үчүн 750 миң сом алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×