Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Баракелде, Бишкек 01.09.2018 11:51

Эртең Кыргызстандын көк бөрү боюнча командасынын атаандаштары белгилүү болот

Turmush -  Көчмөндөр оюндарындагын мелдеште Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасынын атаандаштары эртең, 2-сентябрда белгилүү болот. Бул тууралуу Sport АКИpress басылмасына көк бөрү федерациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, эртең атаандаштарды аныктоо үчүн чүчүкулак уюштурулат. Көк бөрү боюнча мелдешке 9 өлкөдөн келген 14 курама команда катышат. 2014 жана 2016-жылдардагы Көчмөндөр оюндарында 8 команда катышкан. Ал оюндарда Кыргызстандын командасы жеңүүчү болгон.
Көк бөрү боюнча мелдешке катышуучу мамлекеттер: Тажикистан, Өзбекстан, Түркия, Россия, Франция, АКШ, Казакстан, Кытай, Башкирия, Бурятия, Афганистан, Алтай.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×