Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Баракелде, Бишкек 01.09.2018 10:27 На русском

С.Жээнбеков: Ар бир жаңы мектеп — бул илим-билимге, келечекке жана өлкөбүздүн өнүгүүсүнө карай салынган даңгыр жол

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-сентябрда Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушундагы №96 мектептин имаратынын салтанаттуу ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, мамлекет башчысы мектептин жамаатын жана окуучуларды 1-сентябрь — Билим күнү жана жаңы мектептин ачылышы менен куттуктады. Президент белгилегендей, Билим күнүндө республика боюнча 27 жаңы мектеп пайдаланууга берилип жатат. Жылдын аягына чейин дагы 52 жаңы мектеп окуучуларды кабыл алат.

«Мына ошол жаңы билимканалардын арасында бүгүн салтанаттуу түрдө ачылып жаткан силердин мектебиңер да бар. Билимдин башаты балдар бакчасынан башталып, пайдубалы мектепте курулат. Ар бир жаңы мектеп — бул илимге-билимге, келечекке жана өлкөбүздүн өнүгүүсүнө карай салынган даңгыр жол»,- деди Жээнбеков.

Ал жаңы мектеп ак жолтой болуп, көптөгөн жылдар бою миңдеген жаш муундарга тарбия, билим берген куттуу жайга айлануусун каалады. Ошондой эле мугалимдерге кайрылып, алар окуучуларга терең билим берүү үчүн билимин тереңдетип, замандан артта калбай өсүшү керектигин, алар канчалык көп билсе, окуучулар да ошончолук билимдүү, тың болушарын айтты. Ата-энелерди балдардын келечеги үчүн мектептин чыныгы күйөрмандары, колдоочулары болуп, мугалимдер жамааты менен бир үй-бүлөдөй болууга чакырды.

«Биздин негизги милдетибиз — сапаттуу билим, келечектүү жаштар жана бийик адамдык касиетке ээ болгон, эркин жана өз оюн так жана ачык айта алган жаңы муунду даярдоо. Ар бир баланын таланты, шыгы жана өнөрү жакшы тарбия жана мыкты билим бергенде гана ачылат. Ошондуктан, педагог-тарбиячылар, ата-энелер биргелешип, жаңы муунду тарбиялоо жоопкерчилигин татыктуу жүзөгө ашырууга тийиш.

Силер өлкөбүздүн келечегисиңер. Канчалык билимдүү, маданияттуу, акылдуу, адептүү жана мекенчил болсоңор коомубуз да ошончолук тазарып, өлкөбүз өнүгө баштайт», - деди президент.

Соңунда өлкө башчысы мектептин директору Гүлянда Асановага окуу китептерин, мультимедиялык жабдыктарын жана керектүү спорт жабдыктарын сатып алууга 300 миң сомдук сертификат тапшырды жана мектептин имаратын, кабинеттерин көрүп чыкты.

Маалымдама:

Ак-Ордо конушундагы №96 мектеп азыркы стандарт боюнча 960 окуучуга ылайыкталган. Объект колдонууга 2018-жылдын августунда берилди. Мектеп толугу менен тиешелүү эмеректер жана жабдыктар менен камсыздалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×