Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Баракелде, Дүйнө 31.08.2018 14:32

Азия оюндары-2018: Боксчу Азат Үсөналиев коло байге тагынды

Turmush -  Бүгүн, 31-августта Индонезиядагы жайкы Азия оюндарында кыргызстандык боксчу Азат Үсөналиев коло медаль тагынды. Ал 52 кг чейинкилер арасында күч сынашып, мелдештерди 1/16 финалда баштаган.

Азат алгач Лаостун өкүлүн 5:0 эсебинде, андан кийин пакистандык мушкерди, жарым финалда кореялык спортчуну жеңип чыккан. Бүгүн, 31-августта финал үчүн беттеш болуп, А.Үсөналиев өзбекстандык Жасурбек Латиповго жеңишти алдырды. Жыйынтык — 1:4, А.Үсөналиев жыйынтык протолдо 3-орунда жана коло байгенин ээси.

Бул медаль Кыргызстан үчүн Индонезиядагы жайкы Азия оюндарындагы 20-медаль. Учурда капчыкта 2 алтын, 6 күмүш жана 12 коло байге бар. Муну менен Кыргызстан спортчулары медаль тагынган өлкөлөрдүн арасында 22-орунда турат.

Азат Үсөналиев
Азат Үсөналиевдин беттештери:

1/16 финал

Азат Үсөналиев — Вьенгксай Аккаситх (Лаос) — 5:0

1/8 финал

Азат Үсөналиев — Сиед Мухаммад Асиф (Пакистан) — 5:0

1/4 финал

О Тае Бом (Кореч) — Азат Үсөналиев — 0:5

1/2 финал

Жасурбек Латипов (Өзбекстан) — Азат Үсөналиев — 4:1.

4 жылда бир өтүүчү жайкы Азия оюндары 18-августта башталган. Ал 2-сентябрда аяктайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×