Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Бишкек 30.08.2018 17:42

Азия оюндары-2018: Дзюдочу Владимир Золоев коло тагынды

Turmush -  Кыргызстандык Владимир Золоев Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында коло медаль алды. Ал бүгүн, 30-августта 81 кг салмакка чейинкилер арасында күч сынашып, таймашты 1/8 финалда баштаган.

В.Золоев алгач ирактык спортчуну жеңип, бирок андан кийин Кореянын өкүлүнөн утулуп калды.

Ал жубатуучу турнирдин биринчи раундунда кытайлык спортчуну утуп, коло байге үчүн күрөшүүгө укук алган. 3-орун үчүн кыргызстандык дзюдочу япониялык Такеши Сасаки менен беттешип, аны 106 секундда жеңип алды.

Муну менен учурда Кыргызстандын куржунунда 2018-жылкы жайкы Азия оюндарынан жалпы 19 медаль бар. Анын экөө алтын, алтоо күмүш жана он бири коло медалдар. 18-августта башталган жайкы Азия оюндары 2-сентябрга чейин уланат.

1f831e782b0e9227fbdce6ed46cae7d6

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×