Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 30.08.2018 12:36

Кыргызстанга Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган расмий иш сапар менен келет

Turmush -  1-2-сентябрда Кыргызстанга Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган расмий иш сапар менен келет. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, иш сапардын алкагында эки мамлекеттин башчылары Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтыктын абалына жана аны мындан ары тереңдетүүнүн келечегине байланыштуу маселелердин кеңири спектрин талкуулашат. Ошондой эле эл аралык жана регионалдык күн тартибиндеги орчундуу маселелер боюнча да пикир алмашышат. Мамлекет башчылары Кыргызстан жана Түркия ортосундагы стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кеңештин IV отурумуна да катышат.

Сооронбай Жээнбеков менен Режеп Тайып Эрдогандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө. Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков менен жолугушат.

Андан соң түрк президенти III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин саммитине катышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×