Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Баракелде, Бишкек 30.08.2018 10:41 На русском

КСДП депутат Кожобек Рыспаевди партиянын катарынан чыгарды

Turmush -  Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев КСДП партиясынын мүчөлүгүнөн чыгарылды. Тиешелүү чечимди КСДПнын Саясий кеңеши кабыл алганын кечээ, 29-августта партиянын басма сөз кызматы билдирди.

«КСДПнын уставынын 2.8-пунктуна ылайык Рыспаев Кожобек Жайчыбекович партиянын негизги максаттарына, жобосуна жана милдеттерине карама-каршы иш аракети үчүн КСДПнын катарынан чыгарылды», - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Саясий кеңеш КСДПнын Жогорку Кеңештеги депутаттарына К.Рыспаевди Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы кызматынан, ошондой эле убактылуу тиешелүү комиссиялардын, жумушчу топтордун, делегациялардын жана КСДП фракциясынын достук топторунан алууну сунуштады.

Фракциянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева: «Ал КСДПда партиялык ишмердүүлүк, өлкөнүн келечеги үчүн сүйлөшүүлөр болбогонун айтты. "Эгер КСДПнын Бишкек ЖЭБ боюнча күнөөсү аныкталса, бул партияда кала албай" деди.

К.Рыспаев авариянын негизги күнөөкөрү деп атап жатышкан ЖЭБдин мурунку директору Нурлан Өмүркул уулун бул кызматка өзү сунуштаганын четке какпайт. Авариядан кийин экс-директор сурактын ордуна К.Рыспаев жетектеген Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин отурумдарына чакырылып жатты», - деди.

Азырынча К.Рыспаевден комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×