Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Дүйнө 29.08.2018 17:10

Азия оюндары-2018: Бүгүн Кыргызстандын капчыгына дагы бир медаль кошулду (сүрөт)

Turmush -  Индонезияда өтүп жаткан жайкы Азия оюндарынан бүгүн, 29-августта Кыргызстандын капчыгына дагы бир медаль кошулду. Коло байгени дзюдочу Артур Те алып келди.

Ал 66 кг чейинки салмакта күч сынашып, беттешти 1/8 финал менен баштаган. Алгач Ирактын спортчусу Альсаед Мохаммеддин үстүнөн жеңишке жетишкен. Ал эми чейрек финалда япониялык Жоширо Маруямага жеңишти алдырып, бирок көңүл жубатуучу мелдешке мүмкүнчүлүк алды. Анда моңголиялык балбанды жеңип, коло үчүн болгон беттеште өзбекстандык Шахрам Ахадовду да артыкчылык менен жеңип чыкты.

Бул медаль Кыргызстандын тарыхында жайкы Азия оюндарындагы дзюдо боюнча эң алгачкы байге болуп калат.

Артур Те

Артур Те (1)

Артур Те (2)

Ошондой эл бүгүн дзюдо боюнча кыргызстандык Ксения Бельдягина менен Отар Бестаев мелдешке чыгып, бирок медалга чейинки беттештерге жеткен жок.

Муну менен учурда Кыргызстандын куржунунда 2018-жылкы жайкы Азия оюндарынан жалпы 18 медаль бар. Анын экөө алтын, алтоо күмүш жана ону коло медалдар. 18-августта башталган жайкы Азия оюндары 2-сентябрга чейин уланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×