Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Дүйнө 28.08.2018 19:22

Дарья Маслова Азия оюндарында экинчи медалын тагынды (сүрөт)

Turmush -  Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова жайкы Азия оюндарында экинчи медалды тагынды. Ал бүгүн, 28-августта 5 миң метр аралыкка чуркап, атаандаштарынын ичинен экинчи болуп келди.

Маарага биринчи болуп эфиопиялык жөө күлүк 15 мүнөт 8,09 секунд убакытта жетсе, Маслова 15 мүнөт 30,57 секунд убакыт короткон. Ал эми коло байгеге Бахрейндин атынан чыккан эфиоп кызы 15 мүнөт 36,78 секунддагы көрсөткүч менен татыктуу болду.

Дарья Маслова (күмүш)

Дарья Маслова 25-августта 10 миң метрди 32 мүнөт 07.23 секундда басып өтүп, алтын медалга жеткен болчу.

Бүгүн, 28-августка карата Кыргызстандын капчыгында жалпы 17 медаль бар. Анын ичинен экөө алтын болсо, алтоо күмүш жана тогузу коло байге. Бул көрсөткүч менен Кыргызстан спортчулары медаль тагынган өлкөлөрдүн арасынан 21-орунда турат.
Медаль. 28-август
Индонезияда 18-августта башталган жайкы Азия оюндары 2-сентябрга чейин улантылат.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×