Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 28.08.2018 14:16 На русском

А.Эрмеков Салык кызматынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды

Turmush -  Эрмеков Асылбек Кыдырматович Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Tazabek басылмасына түзүмдөн билдиришти.

Маалыматка караганда, анын дайындалышы жөнүндөгү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Жаңы орун басар эмгек жамаатка бүгүн тааныштырылды.

Экинчи буйрукка ылайык жана башка кызматка которулгандыгына байланыштуу Садиров Бакытбек Абдишүкүрович Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин орун басары кызматынан бошотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×