Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Баракелде, Бишкек 28.08.2018 14:01 На русском

А.Карагулова Салык кызматынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды

Turmush -  Карагулова Айдай Нурдинова Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Tazabek басылмасына түзүмдөн билдиришти.

Маалыматка караганда, анын дайындалышы жөнүндөгү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Жаңы орун басар эмгек жамаатка бүгүн тааныштырылды.

Башка буйрукка ылайык Айдаралиева Расым Шаршекеевна Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин орун басары кызматынан бошотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×