Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Дүйнө 28.08.2018 13:10

Азия оюндары-2018: Боксчу Азат Үсөналиев жарым финалга чыкты

Turmush -  Индонезияда жайкы Азия оюндарынын алкагындагы мелдештер улантылып жатат. Бүгүн, 28-августта Кыргызстандан боксчу Азат Үсөналиев 52 кг чейинкилер арасында рингге чыгып, жеңишке жетишти. Эми ал жарым финалда беттешет.

Чейрек финалдагы беттеш кытайлык спортчу менен болуп, жыйынтык 5:0 (30-27; 30-27; 30-27; 30-27; 30-27) эсеби менен Азат Үсөналиевдин пайдасына аяктады. Муну менен ал турнирде 3 жолу катары менен жеңишке ээ болуп, 1/2 финалда өзбекстандык Жасурбек Латипов менен күч сынашмай болду. Буга чейин кыргызстандык боксчу Лаос менен Пакистандын өкүлдөрүн жеңген.

1/2 финал 31-август күнү өтөт.

Азат Үсөналиев

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×