Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде 20.08.2018 11:17 Жаңыланды: 20.08.2018 11:42 На русском

Кыргызстанда доллардын кымбатташы: Серепчилер кандай кеңеш берет?

Turmush -  Кыргызстандын Улуттук банкы 15-августта апрель айынан бери биринчи жолу интервенция жүргүзүп, сомду колдоо үчүн 19 млн 50 миң доллар өлчөмүндөгү каражатты базарга чыгарды.

13-августка карата орус рубли кайрадан төмөндөп — 68,66 руб/$ болгон. Ушул эле күнү Казакстандын KASE биржалык фондусунун эртең мененки сессиясынын жыйынтыгы менен 363,15 тенге/$ болгон.
Коңшу өлкөлөрдүн валютасындагы девальвациянын таасири тууралуу Tazabek басылмасы өлкөдөгү коммерциялык банктын казыначысы менен маектешкен.

----------------------------------------------------------------

Коммерциялык банктардын биринин серепчисинин пикири боюнча, ички рыноктогу өзгөрүүлөр (волативдүүлүк) Россияга каршы киргизилген санкциялар менен байланыштуу.

«Бул көрүнүш күзүндө күтүлүп жаткан санкциянын экинчи этабына, экинчи толкунга чейин уланат», - дейт серепчи.

Анын пикиринде, Улуттук банк бул багытта туура саясат жүргүзүп жатат.

Россия менен Казакстандагы улуттук валютанын девальвациясы коңшу өлкөлөр менен болгон тыгыз соода-экономикалык өнөктөштүк байланыш менен түшүндүрүлөт.

«Алардын валютасы, биздики да төмөндөйт. Бизге чет элдик валюталар негизинен гастарбайтерлер аркылуу келет. Мунун эсебинен долларга болгон талап калыптанат», - деп түшүндүрдү казначей бөлүмүнүн адиси.

----------------------------------------------------------------

«Азыр базар турукташып, Улуттук банктын интервенциясы таасирин тийгизүү менен ажиотаждык талап төмөндөдү. Дүйшөмбү күнү доллар 69 сомдон жогорулап, жада калса 70 сомго сатылып жатканын көрдүңүздөр», - деди серепчи Улан Эркинбеков.

Ал доллар менен сомдун баасын тышкы факторлор — Казакстан менен Россияда улуттук валюталардын арзандашы менен байланыштырат.

----------------------------------------------------------------

«Биздин Россиядагы жумушчулардын, эмигранттардын акчасынын негизги агымы ички агымга рубль түрүндө таасирин тийгизип жатат жана бул рублдарды долларга алмаштырып жатабыз. Рублдун төмөндөшү менен тенге жана сом да төмөндөдү. Улуттук банк 19 млн долларды сомго саткандан бери чет өлкөлүк валютага талап төмөндөгөнү байкалууда. Бүгүн банктар долларды төмөн баада — 1 долларды 69, 30 сомго (ал эми интервенция — 1 доллар үчүн 69,50 сом) сатууга даяр болушту. 2-3 сааттын ичинде россиялык валюта 75 тыйынга көтөрүлдү. Акча алмаштыруучу жайлар ачылганда доллардын курсу 66, 75 сом болсо, азыр 1 доллар 67, 50 сом. Доллардын курсунун түшүшү убактылуу токтоду», - деп түшүндүрдү Нарынбек Кемелов.

Анын айтымында, 19 млн доллар интервенциясы 2018-жыл үчүн максималдуу болгону менен масштаб боюнча орто деп бааланат. 2015-жылы жөнгө салуучу бир интервенция үчүн күнүнө 40 миң доллар сатууга жетишчү. Учурда чет өлкөлүк валюта үчүн мындай чоң талап жок.

Н.Кемелов билдиргендей, акча бирдикке болгон талап ишкерлер тараптап да, жашоочулар тараптан да байкалууда. Эгер ишкелерди алсак, анда аларга нефтетрейдерлер кирет. Себеби алар Россиянын алдында эсептешүүсүн доллар аркылуу жүргүзүшөт. Учурда коммерциялык банктарда долларлар топтолду.

«Эки күндүн ичинде банктарда долларлар топтолду, анткени доллардын сатып алуучулары акыркы интервенция үчүн өзүнүн талабын канааттандырды. Сатуучу банктарда болжол менен 2-3 млн доллар чогулуп жана алар кайра сатыкка чыгат. 4 күн эс алуу күнү деп жарыяланды. Айрым банктар ишемби, дүйшөмбү, шейшемби күндөрү да иштеп, кечки кассалар да бар. Мунун эсебинен аларда дагы доллар топтолот. Үчүнчү күнү доллардын курсу дагы төмөндөйт. Ошондой эле рублга да байланышы бар. Эгер үчүнчү же экинчи күнү рублдын наркы долларга карата төмөндөсө, Улуттук банк кайрадан интервенцияга чыкпаса, анда биздин сом көтөрүлүп баштайт», - деди Н.Кемелов.

22-23-август күндөрү 5-6 россиялык ири банкка карата санкция киргизүү күтүлүүдө. Алардын арасында «Внешэкономбанк», «Сбербанк», «ВТБ» да бар. Эгер коркунуч тастыкталса, анда рубль төмөндөнүү улантып, Кыргызстанда доллардын наркынын жогорулашына алып келет. Бирок ишенимдүү түрдө айтууга бобойт. Себеби санкция киргизүүгө байланышкан абалды алдын ала айтуу мүмкүн эмес.

Буга чейин талдоочулар так божомолду айтып келишсе, бүгүнкү күндө алар дал келбей жатат. Бул абалда эмне кылуу керек? Серепчилер аныкталбаган шартта ишкерлерге долларды сатып алууну, ал эми жашоочуларга сомду сактоону кеңеш берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×