Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 14.08.2018 14:48

Борборубузга Фрунзе шаарынын учурундагыдай жашыл шаар имиджин кайтарууга тийишпиз, - премьер-министр

Turmush -  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 14-августта Бишкек шаарынын мэриясынын жамаатына калаанын жаңы шайланган мэри Азиз Суракматовду тааныштырды. Өкмөт башчы шаар башчыга жүктөлгөн зор жоопкерчиликти белгиледи, деп маалымдайт өкмөттүн басма сөз кызматы.

«Бишкектин жашоочулары жакынкы келечекте борбордо шаардыктар жана калаа меймандарына сезилерлик оң өзгөрүүлөр башталашын күтүшүүдө. Бүгүн биз Бишкек шаарынын жаңы башчысынан инфраструктуралык жаңылыктарды, анын ичинде архитектуралык кайра түзүүлөрдү күтүүдөбүз.

Борборубузга Фрунзе шаарынын учурундагыдай жашыл шаар имиджин кайтарууга тийишпиз. Ошону менен бирге шаар башчынын ар бир кадамы, ар бир чечими шаардыктардын көзөмөлүндө болушу маанилүү», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр өзгөчө белгилегендей, Кыргыз Республикасынын 2018-2040-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүү Стратегиясында белгиленген бир катар багыттарды ишке ашыруу зарыл.

«Документте жарандардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча маанилүү багыттар камтылган, алар шаардык муниципалитет тарабынан ишке ашырылууга тийиш. Белгилей кетсем, биз Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан сунушталган мамлекетти өнүктүрүү багытына ылайык иштейбиз», - деп кошумчалады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы жаңы мэрге ийгиликтерди каалап, Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча иштерди күчтөндүрүү зарылдыгын белгиледи.

8-августта Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз жыйынында Бишкек шаарынын мэрин шайлоо өтүп, анда жалгыз талапкер Азиз Суракматовго шаардык кеңештин 43 депутаты добуш берип, бири каршы чыккан. Ал эми 1 эл өкүлү жыйынга катышкан эмес.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×