Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Чүй облусуСокулук району 10.08.2018 10:42

Айыл турмушу: Балбан Э.Мүсүралиев таяк тартыш боюнча Көчмөндөр оюндарына кызуу даярданып жатат (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Күн-Туу айылынын спортчусу Эмил Мүсүралиев жакынкы айларда өтө турчу Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кызуу даярданып жатат. Ал бул оюндарда таяк тартыш боюнча күч сынашат.

Анын айтымында, аталган иш-чарага Сокулуктан 2 спортчу аттанууда.

«Жалпы Чүй облусунан таяк тартыш мелдешине 20дай спортчу барары күтүлүүдө. Анын экөөсү Сокулуктан, Аскат Жунушов экөөбүз. Кудай буюрса даярдыктар жакшы. Таяк тартыш боюнча мелдеш 4-сентябрь күнү болот экен. Алдыңкы орундарды багындырабыз деген үмүттөр бар», - деди ал.

Эмил Мүсүралиев буга чейин бул спорт менен 3 ай гана машыгып, Ысык-Көлдө өткөн республикалык турнирдин финалында он жылдан бери машыгып келе жаткан атаандашын жеӊип алган.

«Ысык-Көл облусунда өткөн "Дени сак улут – өнүгүп жаткан өлкө" аттуу республикалык турнирге катышып, таяк тартыш боюнча 1-орунду алгам. Райондук, облустук, республикалык бир нече мелдештерге катышып, алдыңкы орундарга илинип келе жатам. Буга чейин 10 жыл грек-рим күрөшү менен машыксам, 3 жылдай зидо менен машыктым. Ал эми таяк тартыш менен 3 ай гана алектендим. Бул таяк тартышка Аскат деген спортчу досум чакырган», - деди ал.

Спортчу 1990-жылы Сокулук районунун Күн-Туу айылында төрөлгөн. Ал үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×