Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 10.08.2018 09:45 Жаңыланды: 10.08.2018 11:09 На русском

«Экс-президент М.Саакашвилинин фамилиясын алам»: Урия Курманалиеванын жумушундагы кызыктар

Turmush -  Ош шаардык жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүндө 20 жылдан бери эмгектенип келе жаткан Урия Курманалиева жумушунда кызыктуу окуяларга тез-тез кабылып турат. Аны жергиликтүү тургун фамилиясын Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилинин фамилиясына өткөрүп берүүнү суранып таң калтырган.

Адам төрөлгөндөн тарта каза болгонуна чейин каттоого алган мекемеде иштегенине сыймыктанган айым, жумушунун жыргалчылыгы менен кыйынчылыгы туурасында аймактык кабарчыга айтып берди.

«Мен 1998-жылы Ош шаардык жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнө жетектөөчү адис болуп ишке киргем. Бул жерде биз адамдарды туулгандан тартып, көзү өткөнгө чейин каттоодон өткөрөбүз. Жумушубуз оор экенине карабай бар күчүбүз менен иштеп келе жатабыз. Бизге турмуш курган жубайлар, балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуучу ата-энелер келип кубанып кетишсе, биз кошо кубанабыз. Ал эми жакынынан ажыраган адамдарды көрүп кайгырабыз. Үй-бүлө мыйзамына ылайык бала туулгандыгы тууралуу күбөлүктү ата-энеси жашаган жеринен, туулган жеринен алышы керек. Мындан улам биз Ош шаарында 2 мамлекеттик, 3 жеке менчик төрөт үйлөрүндө төрөлгөн балдарды жеринен каттоого алабыз. Буга чейин жылына жаңы туулган жана чарчап калган 5 миң баланы каттоого алсак, акыркы жылдары жылына 8 миңге жакын баланы каттоодон өткөрүүгө жетишип жатабыз», - деди ал.

10 жыл мурда ымыркайларга ажолордун ысымын койгондор болгон. Учурда мусулманча ысым коюуга көп басым жасалууда.

«Жаңы төрөлгөн ымыркайларга ата-эненин макулдугу менен өздөрү тандап келген ысымды жазып беребиз. Бир ирет жашы улгайып калган адам келип, "фамилиямды Саакашвили кылып өзгөртүп бер" деп калды. Ошондо аябай таң калгам. Бирок ысымын Саакашвили кылып өзгөртсө болмок, ал эми фамилиясын өзгөртө алмак эмесмин. Акыры анын ысымы да, фамилиясы да өзгөртүлгөн жок. Быйыл дагы бир жашоочу баласына Путин деген ысымды жаздырып кетти. Ушундай окуяларды көргөндө аябай таң калам.

Мындан 20 жылча мурун Аскар, Нурсултан деген ажолордун ысымдары мода болгон. Азыр китептен карап, мусулманча аттарды тандоо мода болууда», - дейт Урия айым.

Урия Курманалиева мамлекеттик сыйлыктардын ээси, ЖААК бөлүмүнүн 100 жылдыгына карата «Ардактуу кызматкер» төш белгисине да ээ болгон.

«Биз кумурскадай эле тынымсыз иштейбиз. Ар бир келген кардардын ишин бүтүрүүгө көмөктөшүп турабыз. Кезекте турган жарандарды кабыл алып бүткөндө гана үйгө кетебиз. Ар бир жарандын иши бүтүп кетсе экен деп иштеп келебиз. Биздин эмгегибизди мамлекет да баалап турат», - деп кошумчалады.

53 жаштагы Урия айым 1 уул, 2 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×