Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 09.08.2018 17:29 На русском

Сапар Исаков тергөө учурунда Россияга баруудан баш тарткан

Turmush -  Бүгүн, 9-августта мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун камактагы мөөнөтүн узартууга байланыштуу кассациялык арыз Бишкек шаардык сотунда каралды. Анда С.Исаков: «Мен үчүн баарынан абийир маанилүү», - деп белгиледи.

Анын айтымында, УКМКга суракка чакырылган учурда дайыма 10 мүнөт эрте барып турган.

Сапар Исаков

«Тергөөчү Сабировдун талабы менен документтерди, өздүгүмдү аныктаган ID-карт паспорт, жалпы жарандык жана дипломатиялык паспортту бергем. Тергөө учурунда мени КСДП партиясынын төрагасынын биринчи орун басары катары Москвага чакырышты. Мага тергөөчү барууга уруксат берди, бирок мен тергөөдөн качып жана өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылып жаткандай шек жаралбашы үчүн баруудан баш тарттым.

Баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн кароону өтүнөм», - деген Исаков тергөөгө байланыштуу УКМКнын кызматкерлери менен максималдуу түрдө байланышта болуп жатканын белгиледи.

Ал эми Бишкек шаардык соту Сапар Исаковду 5-октябрга чейин камакта калтырды. Жактоочулар эми Жогорку сотко кайрылышат.

----------------------------------------------------------------------

Мурунку премьер-министр Сапар Исаков 2018-жылдын 5-июнунда 2 айга камакка алынган. Ага 29-майда КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) боюнча айып тагылган болчу. Буга чейин Бишкек ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча кылмыш иш козголгон. Андан кийин С.Исаковго карата сыртка чыкпоо чарасы кабыл алынган.

УКМКнын маалыматында: «С.Исаков 2013-жылы Президенттик аппараттын жетекчисинин рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап турганда «Бишкек ЖЭБди модернизациялоо» долбоорунун алкагында саясий абалынан пайдаланып, мурда келишип алган тарапташтары менен бирге чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргогон. Бөдрөтчүнү (подрядчик) тандоодогу мындай аракеттин кесепетинен мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген. Учурда тергөө иштери улантылып жатат», - деп айтылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×