Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Баракелде, Бишкек 09.08.2018 09:38 Жаңыланды: 09.08.2018 10:51

Сүрөт, видео — Бишкекте эт комбинаттын чатыры өрттөнүп жатат

Turmush -  Бишкек шаарындагы эт комбинаттын чатырынан чыккан өрттү өчүрүү иштери улантылып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүн, 9-августта Ленин районундагы Москва жана Ю.Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имаратта өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө саат 04:53төн тарта 5 бөлүм, Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 6 куткаруучу жана штаб жөнөп кетти. Ошондой эле ИИМдин кызматкерлери жана «Тазалык» ишканасынын 4 суу ташуучу унаасы бар.

Адамдар жабыркаган жок. Учурда болжол менен 1000 чарчы метр чатыр күйүп кетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×