Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Баракелде

Сот Ж.Сатыбалдиевди, А.Калиевди, С.Авазовду 13-октябрга чейин камакта калтырды

Turmush -  Биринчи май райондук соту 8-августта Жантөрө Сатыбалдиевди, Айбек Калиевди, Салайдин Авазовду, Жолдошбек Назаровду жана Мусажан Макелекти камакта калтыруу баш коргоо чарасын 13-октябрга чейин узартты.

Буга чейи 18-июнда Бишкек шаарындагы ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кармалгандыгы маалымдалган. Ага КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 6-бөлүгү (кылмышка катышуу) жана 303-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКтын мурунку төрагасы Айбек Калиевге «Бишкек ЖЭБди модернизациялоо» долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча КЖКнын 303-беренесинин 1-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, кармалган.

«Электр станциялары» ААКтын мурунку директору Салайдин Авазовго жана анын орун басары Жолдош Назаровго дагы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү менен айып тагылган.

Ал эми Мусажан Макелек 2016-жылы TBEA компаниясынын өкүлчүлүгүнүн мурунку директору кызматын аркалаган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Тема боюнча:

18.04.2018Жалал-Абаддын мэри С.Авазов Бишкек ЖЭБдеги кырсык боюнча кармалды, - УКМК
20.04.2018Жалал-Абаддын мэри С.Авазов тергөөнүн аягына чейин СИЗОдо болот
10.04.2018Айбек Калиев Улуттук энергетикалык холдингдин жетекчиси кызматынан бошотулду
18.04.2018Улуттук энергетикалык холдингдин мурунку жетекчиси Айбек Калиев кармалды
14.06.2018Мурдагы өкмөт башчы Ж.Сатыбалдиев УКМКга сурак берди
19.06.2018Мурдагы өкмөт башчы Ж.Сатыбалдиев коррупцияга шектелип кармалды
20.06.2018Экс-премьер Ж.Сатыбалдиев: Мен күнөөлүү эмесмин (фото)
01.08.201814 унаа, турак үйлөр жана жер тилкелер: Жантөрө Сатыбалдиев менен үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктөр
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 781
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×