Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 08.08.2018 16:44 На русском

Бишкекте Евразия чемпиону зордуктоого аракет кылган кыз 3-кабаттан секирип түшкөн

Turmush -  Панкратион боюнча Евразиянын чемпиону болгон спортчу Бишкекте 18 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жатат. Бул маалыматты АКИpress агенттигине бүгүн, 8-августта булактар билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя мейманканада болгон. Шектүү жабырлануучу кызды зордуктоого аракет кылып, аны менен катар коркуткан. Андан кутулууга аракет кылган кыз 3-кабаттан секирип, ооруканага жеткирилди.

Ал эми Бишкек ШИИБден зордуктоого байланыштуу арыз түшкөнүн билдиришти. Анда жаш кыз 3-август күнү кафеде таанышкан жигит менен бирге мейманканага барганын айткан.

«Мейманканадан шектүү жигит зордуктоого аракет кылганда кыз терезеден секирген. Учурда экспертизалар дайындалды. Топтолгон материалдардын негизинде тергөөчүлөр тиешелүү чара көрөт», - деп айтылат ШИИБдин билдирүүсүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×