Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Баракелде, Бишкек 08.08.2018 09:36 На русском

Өкмөт аппаратынын жетекчиси Мурат Мукамбетов кызматынан бошотулду

Turmush -  Өкмөттүн аппарат жетекчиси — министр Мурат Мукамбетов кызматынан бошотулду. Ал тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы бүгүн, 8-августта билдирди.

Анда: «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 24-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунун негизинде башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Мукамбетов Мурат Картайбекович Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси — министр кызматынан өз каалоосу менен бошотулду», - деп айтылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×