Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-март
Баракелде, Бишкек 07.08.2018 16:39 На русском

Ооруканада дарыланып жаткан Өмүрбек Текебаевдин дарты аныкталды

Turmush -  Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Өмүрбек Текебаев учурда Саламаттыкты сактоо министрлигинин Улуттук кардиология жана терапия борборунда стационардык дарылануудан өтүп жатат. Бул тууралуу АКИpress агенттигине бүгүн, 7-августта ЖАМКтын басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун билдирүүсүндө: «7-августта медициналык борбордо анын баш мээси, бел омурткасы текшерилди. Улуттук госпиталдагы дарыгерлердин көрсөтмөсү менен Ө.Текебаев пландык негизде текшерүүдөн өтөт», - деп айтылат.

Камактагы экс-депутат 31-июлда Улуттук кардиологиялык борборго жаткырылган болчу. Маалыматка караганда, аны дарыгерлердин өтүнүчү менен ооруканага жаткырышкан, ошондой эле депутаттык комиссия дагы кайрылган. Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан да атайын комиссия түзүлгөн эле.

Ө.Текебевдин дарты:

- Аортанын жана жүрөк кан тамырлардын атеросклерозу (атеросклероз — кан тамырлардын кандайдыр бир бөлүгүн холестерин жана май басып, кандын жүрүүсүнө тоскоол болот);

- карынчанын экстрасистолдук аритмиясы (аритмия — жүрөктүн согуу ыргагынын бузулушу);

- 2-даражадагы жогорку кан басым;

- калкан безинин зобу, эутиреоз (эутиреоз — бездин көлөмүнүн чоңоюшу).

----------------------------------------------------------------------------

2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура «Альфа Телеком» компаниясынын башкармалыгынын курамына кирүү үчүн депутатка 1 млн доллар бергенин айткан россиялык бизнесмен Леонид Маевскийдин арызынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) жана 166-берененин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттары (алдамчылык) менен кылмыш иш козгогон.

Ө.Текебаев 26-февралга караган түнү Европадан Стамбул аркылуу учуп келгенде «Манас» аэропортунан кармалып, камакка алынган болчу. Бул иш боюнча Кыргызстандын Түштүк Корея жана Вьетнамдагы мурунку элчиси Дүйшөнкул Чотонов дагы 27-февралда камакка алынган.

Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөн Чотоновго карата 2017-жылдын 16-августунда чыгарылган өкүм менен тааныштырган. Райондук сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновго 3 жылга чейин мамлекеттик кызматта эмгектенүүгө тыюу салып, мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга эркинен ажыраткан болчу. Жогорку сот бул чечимди күчүндө калтырган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
37.17% (113)
«РСК Банк»
21.05% (64)
«Банк Компаньон»
16.45% (50)
...
Всего голосов: 304
×