Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Баракелде, Дүйнө 03.08.2018 08:43 На русском

Россияда көз жумган мекендештер: 43 жаштагы киши сабалып, сууга секирген жигиттин моюну сынып кеткен (сүрөт)

Turmush -  Россиянын Зеленоград шаарында Кыргызстандын 43 жаштагы жараны каза болду. Бул тууралуу Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.

Анын айтымында, 26-июль күнү Зеленоград шаарында 1975-жылы туулган А.Ө. менен бирге эс алып жаткан адамдар аны ур-токмокко алып, таштап кетип калышкан. Жолдо өтүп бара жаткандар тез жардам чакырып, ал шаардагы ооруканага жеткирилген. Бирок жандандыруу бөлүмүндө 5 күн жаткан жабырлануучунун өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

«Бул факты боюнча Зеленоград шаарындагы тергөө комитети кылмыш иш козгоп, тергөө иштери жүрүп жатат. Тилекке каршы сабаган балдар кармала элек. Уруксат кагаздары чогултулуп, 2-августта маркумдун сөөгү Москва—Бишкек багытындагы каттам менен жөнөтүлдү. 3-августта таңга маал маркумдун сөөгүн Бишкектен жакындары тосуп алып, туулуп өскөн жерине — Токтогул шаарында жерге берүүгө алып кетишти.

Маркумдун сөөгүн жөнөтүүгө каражат топтоп, жакындан жардам берген бир туугандарга ыраазыбыз. Маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз», - деди У.Кошматов.

Ошондой эле Москва шаарында да 21 жаштагы кыргызстандык жигит көз жумду. Бул тууралуу Москвадагы кайрымдуулук фонддун өкүлдөрү билдирди.

Маалыматка караганда, Лейлек районунун Коммунизм айылынын 1997-жылы туулган тургуну Алибек сууга секиргенде башы менен түшүп, мойнунан оор жаракат алган. Ал тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилип, бирок операцияга жетпей каза болгон.

Алибектин апасы менен эжеси гана бар. Маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүүгө жардам керек. Жардам берүүнү каалагандар +79251231013 телефон номуруна байланышса болот.

(21 жаштагы Алибек)

IMG-20180802-WA0006

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×