Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Баракелде, Бишкек 02.08.2018 16:51 На русском

Унаа базардагы абал: Бажы алымдарынын азайышы менен баа төмөндөдү, - унаа ташуучу

Turmush -  Кыргызстанга алынып келген унааларга бажы алымдарынын төмөндөшү менен унаа базардагы баа өзгөрдү. Бул тууралуу Tazabek басылмасына унааларды ташуу менен алектенген Давран Хакимов билдирди.

«Базардагы мурунку көрүнүш өзгөрдү. Чоң унаалардын баасы аябагандай төмөндөдү», - деди ал.

Tazabek басылмасынын автоунааларды активдүү түрдө ташып баштаган учурда алардын баасы дагы төмөндөйбү деген суроосуна Д.Хакимов мындайча жооп берген.

«Бажы алымынын кыскартылышы менен ташылып келинген унаалардын биринчи партиясынан кийин эле баалар төмөндөдү. Бирок элдер кандай ойлоп жатышат? Унаалар 2014-жылдагыдай баа менен сатылат деп ойлоп жатышат. Бирок андай болбойт. Азыркы учурда унаанын баалары Европада дагы өзгөрдү. 2014-жылы 2003-жылы чыгарылган унаалар ташылып келген, арзан да болгон. Учурда 2008-жылы чыгарылган автоунаалар алынып келүүдө. Аларга болгон баа такыр башка. Булар кымбат болот», - деди ал.

------------------------------------------------------------------------------------------

Буга чейин Кыргызстанга физикалык жактар аркылуу ташылып келген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмү төмөндөтүлгөн болчу. Тийиштүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы 10-июлда билдирген эле.

Мындай чечим эскирген автотранспорт каражаттарын азайтуу жана жеке жактардын Кыргызстандын аймагына электр, гибриддик кыймылдаткычтуу автотранспорт каражаттарын ташып киргизүүсүнө дем берүү, ошондой эле өлкөнүн автоунаа паркынын эскиришин алдын алуу боюнча ыкчам чара көрүүгө багытталган. Эми бул токтомдун негизинде бензин жана дизелдик кыймылдаткычтуу автотранспорт каражаттарына карата бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү көлөмүнүн өлчөмү 2014-жылдагы көрсөткүчтөн төмөндөйт.

«Мындан тышкары гибриддик кыймылдаткычтуу унаа транспорттук каражаттарга 1 куб.см үчүн 0,5 доллардан 0,6 долларга чейинки төлөм киргизилет.

Электромобилдерге карата бажы алымдарынын жана салыгынын нөлдүк коюму болот. Аталган токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөн соң күчүнө кирет жана 2019-жылдын 31-декабрына чейин иштейт», - деп айтылат билдирүүдө.

С момента выпуска прошло

Единая ставка таможенной пошлины и налогов в долларах США за один куб. см автотран-спорта товарных субпозиций

8703 10, 8703 21, 8703 22, 8703 23, 8703 31, 8703 32

Единая ставка таможенной пошлины и налогов в долларах США за один куб. см автотран-спорта товарных субпозиций

8703 24,

8703 33 (*)

Единая ставка таможенной пошлины и налогов в долларах США за один куб. см автотран-спорта товарных субпозиций

8703 40, 8703 50, 8703 60, 8703 70

Единая ставка таможенной пошлины и налогов в долларах США за один кВт/час автотран-спорта товарных субпозиций

8703 80

2018 - 2019 годы (***)

2018 - 2019 годы (***)

2018 - 2019 годы

2018 - 2019 годы

1 год

1,4

2,1

0,5

0

2 года

1,3

2,0

0,5

0

3 года

1,2

1,8

0,5

0

4 года

1,1

1,7

0,5

0

5 лет

1

1,5

0,6

0

6 лет

0,9

1,4

0,6

0

7 лет

0,8

1,2

0,6

0

8 лет

0,7

1,1

0,6

0

9 лет

0,6

0,9

0,6

0

10 лет

0,5

0,8

1

0

11 -12 лет

0,4

0,6

4

0

13 лет и более

6

6

6

0

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×