Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Баракелде

Стриптиз жана жер үнөмдөө саясаты: Кытайда маркумду көмүүгө тыюу салынып баштады

Turmush -  Кытайдын түштүк-чыгышындагы Цзянси провинциясында жерди үнөмдөө максатында табыттарды конфискациялап, каза болгон адамды жерге көмүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу жергиликтүү басылма жазып чыкты.

Басылманын маалыматына караганда, провинциянын өкмөтү ушул жылдын сентябрь айынан баштап каза болгон адамдын сөөгүн өрттөп гана жок кылууга ниеттенип жатат. Бул адам каза болгондон кийин анын сөөгүн жок кылууга уруксат берилген жалгыз ыкма болот. Провинцияда жаңы табыт сатып алууга тыюу салынып, бийлик үйлөрдөгү табыттарды алып баштаган. Мындан тышкары тургундарга эгер алар туугандарын жерге берүүдөн баш тартып, даярдалган табыттарды өткөрүп беришсе, материалдык компенсация берүү убадаланган.

Тургундардан күч менен тартып алынган табыттар экскаватор менен жок кылынууда. Табыттан тышкары башка салттык ырым-жырымдарды жасоого да тыюу салынды.

Буга чейин Шаньдун провинциясында да маркумду жерге көмүүгө тыюу салынган. Ал эми жаңы саясат боюнча маркумдун сөөгү өрттөлүп, туугандары тиешелүү иш-чараларды өткөргөнү тууралуу сертификат тапшырышы керек.

Кытайда маркумдун тажыясына канча көп адам келсе ага ошончолук урмат көрсөтүлөт деп эсептешет. Ошондуктан каза болгон адамдардын жакындары көп адам тартуу үчүн артисттерди, ырчы-бийчилерди жалдашат. Ал эми 1990-жылдардан баштап аза күтүү иш-чарасына стриптиз бийлеген кыздар чакырылат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2942
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×