Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Баракелде

Россияда көлгө чөгүп бараткан кызды куткарып, өзү көз жумган кыргыз жигиттин денеси мекенине жөнөтүлдү

Turmush -  Россиянын тергөө комитетинин Сахалин облусу боюнча өкүлдөрү Кыргызстандын 17 жаштагы жараны К. уулу Ж.нын көлгө чөгүп кетүүсү боюнча текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, текшерүү иштери окуянын бардык жагдайларын аныктоо максатында жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы менен процесстик чечим кабыл алынат. Сахалин облусундагы консулдуктун жана кыргыз диаспорасынын жардамы менен каза болгон жигиттин денесин мекенине жөнөтүү үчүн тиешелүү документтер жана акча каражаты топтолду.

«1-августта жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:55те "жүк-200" К. уулу Ж.нын денеси менен Кыргызстанга жөнөтүлдү», - деп айтылат маалыматта.

Россиянын Сахалин облусундагы көлгө чөгүп бараткан кызды куткарып калып, өзү көз жумган кыргызстандык жигит болгону 17 жашта болчу. Анын өздүгү такталып, Ош облусунун Кара-Кулжа районунда төрөлгөн Кубаныч уулу Жандарбек экени маалым болду.

Окуя 29-июлда саат 16:25 чамасында болуп, Жандарбектин денеси суудан 30-июлда табылган. Россиялык жалпыга маалымдоо каражаттары денени үйүнө жөнөтүү үчүн Сахалиндеги кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү каражат топтоп жатышканын билдиришкен.

Диаспоранын өкүлү Эшимбет Толбаевдин айтымында, Жандарбектин ата-энеси уулунун өлүмү туралуу уга элек. Аларга дене айылына жөнөтүүгө даяр болгондо гана кабар берилет.

Азырынча маалым болгондой, Жандарбек Сахалинге досторуна келген болчу. Ал туулган жерине 25-августта кайтып кетүүнү пландап жаткан. Ал эми Жандарбек куткарып калган кыз Сахалин облусунун тургуну.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 878
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×