Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 01.08.2018 09:31

Биринчи май райондук соту Сапар Исаковду 5-октябрга чейин камакта калтырды

Turmush -  Биринчи май райондук соту 31-июлда экс-премьер-министр Сапар Исаковду 5-октябрга чейин УКМКнын абагына камакта калтырды. Бул туурлауу анын жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.

Ишти судья Айбек Эрнис уулу карады.

С.Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев 2 айдан бери тергөө иштери жүргүзүлбөгөнүн билдирди.

«Биз мындай чечимге каршыбыз, себеби буга чейин тергөөчү тергөө иштерин жүргүзүү үчүн С.Исаков 2 айга камакка алынган. Бирок, ал 2 ай камакта болгону менен бир дагы тергөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Биз аны бошотууга негиздер бар деп эсептейбиз. Эгерде тергөө иштери жүргүзүлбөсө, адамды кармоонун эмне кереги бар?

Тергөөчү иши көп экенин айтууда. Иштин көп экенин билип туруп, алар 9 тергөөчүдөн турган топ түзүшкөн. Бул убакта алар тергөө иштерин жүргүзүп бүтүүгө үлгүрүшү керек болчу. Алар жок дегенде үй камагына чыгаруу же эч жакка кетпөө чарасын карашы керек болчу. Биз бул чечим боюнча 5 күндүн ичинде шаардык сотко даттануу арызы менен кайрылабыз. Тергөө мөөнөтү 13-октябрга чейин узартылды», - деди ал.

Буга чейин Жогорку сот 24-июлда экс-премьер-министр Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын үй камагына чыгарууга өзгөртүү жөнүндөгү апелляциялык арызды жабык режимде карагандыгы маалымдалган.

Окуя тууралуу

Мурунку премьер-министр Сапар Исаков 5-июнда 2 айга камакка алынган. УКМКнын тергөөчүсү С.Исаковго карата кабыл алынган баш коргоо чарасын өзгөртүүнү сунуштап, Биринчи май райондук соту 2 айга УКМКнын абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

29-майда мурунку премьер-министр Сапар Исаковго КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) боюнча айып тагылган. Буга чейин Бишкек ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча кылмыш иш козголгон болчу. Андан кийин С.Исаковго карата сыртка чыкпоо чарасы кабыл алынган.

УКМКнын маалыматында: «С.Исаков 2013-жылы Президенттик аппараттын жетекчисинин рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап турганда «Бишкек ЖЭБди модернизациялоо» долбоорунун алкагында саясий абалынан пайдаланып, мурда келишип алган тарапташтары менен бирге чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргогон. Бөдрөтчүнү (подрядчик) тандоодогу мындай аракеттин кесепетинен мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген. Учурда тергөө иштери улантылып жатат», - деп айтылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×