Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 31.07.2018 17:59 На русском

Токтайым Үмөталиева Бишкек шаарынын мэрине талапкерлигин көрсөттү

Turmush -  Коомдук ишмер Токтайым Үмөталиева Бишкек шаарынын мэри кызматына талапкерлигин көрсөттү. Ал өзүн талапкер катары сунуштаган арызын Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясына бүгүн, 31-июлда саат 16:45де тапшырган. Ал эми талапкерлердин документин кабыл алуу мөөнөтү 31-июлда саат 18:00дө аяктай турганы маалымдалган болчу.

Т.Үмөталиева буга чейин президенттик шайлоолордо да талапкер болуп келген.

Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо жөнүндө жобонун 3-пунктуна ылайык талапкерлерди көрсөтүүгө фракциялар, шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция жана өлкөнүн премьер-министри укуктуу. Буга байланыштуу Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы Т.Үмөталиеваны өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары каттаган жок.

Шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы мэрликке талапкер кылып сунуштаган Азиз Суракматов бүгүн кыргыз тилин билүү деңгээли боюнча сынак тапшырып, комиссия ал мамлекеттик тилди жетиштүү деңгээлде билет деген чечим чыгарды.

Бакытбек Дюшембиев учурда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жатат. Ал эми Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 8-августта өтө турганы Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда чечилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×