Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 31.07.2018 17:50 На русском

Мэрликке талапкер А.Суракматов: Кайын журтум кара-кулжалык эмес

Turmush -  Бишкек шаарынын мэри кызматына талапкер Азиз Суракматов журналисттерге кайсы жерде төрөлгөнүн айтып берди.

А.Суракматов жубайынын туугандары кара-кулжалык экенин четке какты.

«Кайын журтум Кара-Балта шаарынан болот. Өзүм Асыл-Баш (Сокулук району) айылынанмын», - деди ал.

Буга чейин Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция Бишкек шаарынын мэри кызматына талапкерди аныктаган. Талапкер катары көрсөтүлгөн Азиз Суракматов Жогорку Кеңештин V чакырылышында депутат болгон.

-----------------------------------------------------------------------------

Бакытбек Дюшембиев учурда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жатат. Ал эми Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 8-августта өтө турганы Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда чечилген.

Борбордун мурунку мэри Албек Ибраимовго шаардык кеңештин депутаттары 13-июлдагы кезексиз жыйындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы менен ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алышкан. Ал эми 19-июлда А.Ибраимов кармалып, 29-августка чейин камакта калтырылды.

24-июлда ага карата экинчи айыбы угузулганын МУУК маалымдаган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×