Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Баракелде, Дүйнө 31.07.2018 14:06 Жаңыланды: 31.07.2018 18:38 На русском

Сүрөт — Сахалинде көлгө чөгүп бараткан кызды куткарып, өзү көз жумган кыргыз жигит болгону 17 жашта болчу

Turmush -  Россиянын Сахалин облусундагы көлгө чөгүп бараткан кызды куткарып калып, өзү көз жумган кыргызстандык жигит болгону 17 жашта болчу. Анын өздүгү такталып, Ош облусунун Кара-Кулжа районунда төрөлгөн Кубаныч уулу Жандарбек экени маалым болду.

Окуя 29-июлда саат 16:25 чамасында болуп, Жандарбектин денеси суудан 30-июлда табылган. Россиялык жалпыга маалымдоо каражаттары денени үйүнө жөнөтүү үчүн Сахалиндеги кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү каражат топтоп жатышканын билдиришти.

Диаспоранын өкүлү Эшимбет Толбаевдин айтымында, Жандарбектин ата-энеси уулунун өлүмү туралуу уга элек. Аларга дене айылына жөнөтүүгө даяр болгондо гана кабар берилет.

Азырынча маалым болгондой, Жандарбек Сахалинге досторуна келген болчу. Ал туулган жерине 25-августта кайтып кетүүнү пландап жаткан. Ал эми Жандарбек куткарып калган кыз Сахалин облусунун тургуну.

Жансыз денени айылына жеткирүү үчүн болжол менен 90 миң рублга чейин каражат керектелет. Учурда диаспоранын өкүлдөрү өз ара каражат чогултуп жатышат. Ошондой эле алар кайдыгер карабаган жарандардын жардамына муктаж.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×