Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баракелде, Бишкек 31.07.2018 09:43

Белоруссия Данияр Үсөновду Кыргызстанга берүүдөн баш тартты

Turmush -  Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 2017-жылдын 14-декабрында Белоруссиянын Башкы прокуратурасына анкеталык маалыматтарын Даниил Урицкий деп өзгөртүп алган Данияр Үсөновду издөө жана кармоо өтүнүчүн жөнөткөн. Бул тууралуу КРнын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы 30-июлда билдирди.

«2018-жылдын 6-мартында Белоруссиянын Башкы прокуратурасы кыргыз тараптын өтүнүчүн четке каккан. Бирок, Башкы прокуратура бул боюнча иш алып барууну улантууда», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин белоруссиялык жалпыга маалымдоо каражаттарында Даниил Урицкийдин ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар жарыяланды. Ал эми Д.Уриицкий деп аталган адамдын сүрөтү Кыргызстандын мурунку премьер-министри Данияр Үсөновдун көчүрмөсү.

2010-жылдагы окуяда өлкөдөн Курманбек Бакиев менен бирге качып кеткен Данияр Үсөнов Даниил Урицкий деген ысым менен 2016-жылы беларусь паспортун алганы маалымдалган эле. Ал эми Д.Үсөнов өзү «Naviny.by» басылмасына берген маегинде: «Данияр Үсөнов 2013-жылы Малайзияда каза болду деп уккам», - деп билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×