Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Баракелде, Дүйнө 28.07.2018 11:34 На русском

Астанада КМШдагы эң сулуу кыздар аныкталды (сүрөт)

Turmush -  Казакстандын Астана шаарында «КМШ сулуусу - 2018» сынагы аяктады. Бул сынакка кыргызстандык сулуу Сусанна Егорян да катышты. Бирок ал эч кандай наамга ээ болгон жок.

Сусанна Егорян

Сынактын жыйынтыгы менен алдыга Украинанын өкүлү Татьяна Акуленко чыгып, «КМШ сулуусу» аталды. Ал эми 1-орунга казакстандык Асем Есенгелдиева, экинчи орунга армениялык Ромелла Томарян ээ болду.

Жеңиштин урматы үчүн Татьяна Акуленко бул сынак үчүн кымбат баалуу таштар менен кооздолуп атайын жасалган таажы кийип, Европаны кыдырып чыгуу үчүн 1 жумалык билетке ээ болду.

Эл аралык «КМШ сулуусу» сынагы 1996-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Бул жылы Казакстан, Россия, Грузия, Кыргызстан, Украина, Латвия, Тажикстан, Армения, Беларусь өлкөсү жана Өзбекстандан жалпы 19 сулуу жолдомо алган. Бирок Грузия, Латвия жана Украина КМШга мүчө болбогондуктан бул өлкөлөрдүн өкүлдөрү атайын чакыруу менен катышкан эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×