Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Дүйнө 26.07.2018 18:13 Жаңыланды: 26.07.2018 18:54 На русском

24 жаштагы Абида Орто Азияда алгачкылардан болуп Италиядагы байыркы шаарды казууга катышты (сүрөт)

Turmush -  Италиянын Санта-Маринелла шаарындагы археологиялык казуу иштерине Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен алгачкы жолу Кыргызстандын Ош шаарынан барган 2 магистрант катышып келди. Алар Этрускан элинин байыркы шаары болгон Каструм Новум шаарын изилдөөгө Батыш Чех университетинин студенттери менен бирге барышкан. Бул тууралуу магистр Абида Таалайбек кызы Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

«Биз Мамадали Тешебаев экөөбүз ушул жылдын июнь айында Чехия, Италиянын 5 шаары менен таанышып, археологиялык казуу иштерине катышып келдик. Экөөбүз тең тарыхчы болгондуктан, бул биз үчүн чоң жетишкендик болду. Алгач эле Чехиядагы Батыш Чех университетине бардык. Ал жердеги студенттер менен таанышып, Италиянын Санта-Маринелла шаарына сапар алдык. Этрускан элинин байыркы шаары болгон Каструм Новум шаарын казуу иштерине катышып, байыркы кылымга таандык тыйын, керамика калдыктары, мозаика жана башкаларды таап алдык.

Ош шаарында археология боюнча адистик жок. Биз жалпы тарых боюнча гана билимге ээ болобуз. Ал эми Европа мамлекеттеринде археология адистиги бар экен. Бул адистикти үйрөнүп жаткан студенттер изилдөө иштерин жүргүзө турганына күбө болдум. Аларды көрүп археолог болгум келди. Анткени бир буюмду таап алсаң, сенде дагы үмүт пайда болот экен. Мени таң калтырган дагы бир учур — ушул убакка чейин Орто Азия мамлекеттеринен бир дагы студент же археолог барып, Каструм Новум шаарын казуу иштерине катышпаптыр. Биз алгачкылардан болдук. Аталган шаардын жергиликтүү гезиттеринин кабарчылары келип, биз тууралуу өздөрүнүн гезиттерине жарыялашты. Биз өзүбүздүн Кыргызстаныбыз тууралуу кенен айтып бердик», - деди А.Таалайбек кызы.

Жаш тарыхчылар 34 күндүк тажрыйба алмашуунун алкагында Германия, Ватикан мамлекеттерин дагы көрүүгө шарт түзүлгөн.

«Биз 50дөн ашуун археологдор менен таанышып, тажрыйба алмаштык. Казуу иштеринин жүрүшүндө шаймандар менен иштөөнү дагы мыкты өздөштүрө алдык десем болот. Мындан сырткары Италиядагы атактуу Колизей имаратына барууга да мүмкүнчүлүк түзүлдү. Дүйнөдөгү эң кичинекей мамлекет болгон Ватиканды, Германияны да көрүүгө жетиштик.

Ал эми бизди жергиликтүү тургундар вьетнамдарга окшоштуруп жатышты. Биз өзүбүздүн улутубуз тууралуу айтып, аз да болсо өлкөбүздү башка элдерге тааныштыра алдык», - деди ал.

Жаш тарыхчы биздин өлкөдө дагы изилдөөгө муктаж жерлер көп экенин кошумчалады.

«Совет учурунда тарых илими маанилүү кесиптердин бири болгон экен. Кийин көп көңүл бурулбай келген. Эми кайра жандана баштады десем болот. Азыр тарых адистигине кызыккан жаштар көп.

Эгерде англис же чех тилин билсең Чехия мамлекетиндеги Батыш Чех университетинде докторантураны улантууга да болот. Билим алуу акысыз болуп, стипендия дагы төлөп беришет. Биздин студенттер кайсыл бир изилдөө объектисин аныктап алып, аталган окуу жайга барса болот. Алар өлкөдөгү изилденбей жаткан жерлерди изилдеп, докторлук ишин жактаса болот экен. Мен дагы буга кызыгып жүрөм.

Мага ушул даражага жетүүгө, башка элдин маданияты менен таанышууга көмөк көрсөткөн мугалимдериме, ата-энеме ыраазычылык билдирем», - деди ал.

24 жаштагы Абида үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×