Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 26.07.2018 13:00 На русском

Көпчүлүк коалиция Бишкектин мэрине талапкер көрсөттү

Turmush -  Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалициянын жыйыны аяктады.

АКИpress агенттигине шаардык кеңештин депутаты Сайдахмат Исмаилов билдирген маалымат боюнча, көпчүлүк коалиция бүгүнкү жыйындын жыйынтыгы менен Бишкек шаарынын мэри кызматына талапкерди аныктады.

Талапкер Азиз Суракматов Жогорку Кеңештин V чакырылышында депутат болгон.

------------------------------------------------------

Бакытбек Дюшембиев учурда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жатат. Ал эми Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 8-августта өтө турганы Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда чечилген.

Борбордун мурунку мэри Албек Ибраимовго шаардык кеңештин депутаттары 13-июлдагы кезексиз жыйындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы менен ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алышкан. Ал эми 19-июлда А.Ибраимов кармалып, 29-августка чейин камакта калтырылды.

24-июлда ага карата экинчи айыбы угузулганын МУУК маалымдаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×