Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 25.07.2018 10:12 На русском

Сот Райым Матраимовго Бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматын кайтарып берди

Turmush -  Биринчи май райондук соту бүгүн, 25-июлда Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун барасы Райым Матраимовдун экс-премьер-министр Сапар Исаковго карата доосун канааттандырды. Мындай чечимди сот Алмаз Алыбаев кабыл алды.

Бүгүн сот эки тараптын жарыш сөзүн укту. Анда Р.Матраимовдун өкүлү Татьяна Карыжинская Р.Матраимов саясий мотив менен кызматынан алынганын, ал ошол учурда администрациялык кызматты аркалап келгендигин айтты.

Буга чейин Биринчи май райондук сотуна Райым Матраимовдон Сапар Исаковдун дарегине доо-арыз келип түшкөндүгүн маалымдаган.

Эми облустук сотко апелляциялык арыз жазылбаса Р.Матраимов мурунку кызматын ээлегенге укуктуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×