Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 23.07.2018 19:13

Бакытбек Дюшембиев Бишкектин мэринин милдетин аткарат

Turmush -  Бакытбек Дюшембиев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Бүгүн, 23-июлда өкмөттүн басма сөз кызматы тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун билдирди. Ал жаңы мэр шайланганга чейин борбор калааны жетектейт.

Ал эми Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 8-августта өтө турганы Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда чечилген.

Борбордун мурунку мэри Албек Ибраимовго шаардык кеңештин депутаттары 13-июлдагы кезексиз жыйындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы менен ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алышкан. Ал эми 19-июлда А.Ибраимов кармалып, 29-августка чейин камакта калтырылды.

Бүгүн, 24-июлда ага карата экинчи айыбы угузулганын МУУК маалымдады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×