Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 13.07.2018 16:46 На русском

Мэр А.Ибраимовго ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча Алмазбек Атамбаевдин пикири

Turmush -  Бүгүн, 13-июлда кезексиз жыйынга чогулган Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары мэр Албек Ибраимовго ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушун колдоого алышты. Добуш берүү жашыруун өтүп, ага катышкан 40 депутаттын бардыгы макул болушкан.

Андан кийин мурунку президент, КСДП партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев бул чечимге байланыштуу өзүнүн пикирин билдирди.

КСДП партиясынын басма сөз кызматы тараткан маалыматта: «Албек Ибраимовду өтө ыпыластык менен кодулоонун жана саясий жүйөөлөрдүн жыйынтыгы күн мурун эле белгилүү болуп турат. Шаар кеңешинде болуп өткөн отурумга келбей калуусунун себебин мэрдин өзүнөн суроо керек. Балким, ага кабар жетпей калгандыр же депутаттар үчүн ушундай болгону ыңгайлуу чыгар. А балким, А.Ибраимовго бул териштирүүлөрдүн адилеттүүлүгүнө ишенбөөгө өтө көп негиздер бар чыгар. Карап көргүлөчү, жарым жылдан бери кандай гана жугундуларды куюп, ишке кандай гана тоскоолдуктарды жаратып жатышат.

Бардык эле жооптуу адамдар коррупцияга каршы күрөштө булардын эч кандай тиешеси жок экенин билишет. Ал эми Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовду маанисиз айыптоолордон жана негизсиз кылмыштуу кысмакка алуудан кийин, өзгөчө ЖЭБ иштери боюнча серепчилерди тикелей куугунтукка алуудан кийин кандай адам болбосун акыйкаттыктан үмүтүн үзүп коюшу мүмкүн. Коомчулук муну Коррупцияга каршы кызматтын мыйзамды жана моралдык принциптерди ачык эле, толук тоготпогондугу деп эбак эле айтып башташкан.

Албек Ибраимовду таасирдүү мэр деп эсептейм, анын убагында борбор шаарыбыздын чечилбестей көрүнгөн эсепсиз көйгөйлөрү биринин артынан бири чечиле баштабады беле. Ар дайым чечимдерди чечкиндүүлүк менен кабыл алчу, болгондо да кыйын, өткүр чечимдерди. Бирок шаардыктардын алдында дайыма өзү жооп берчү жана башкалардын артына жашынчу эмес. Бүгүн бул адамдардагы өтө сейрек сапат болуп калды», - деп айтылат.

Жыйындан кийин Албек Ибраимов да өзүнүн кайрылуусун видеотасма аркылуу билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×