Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 13.07.2018 13:08 На русском

Видео — Ишеним көрсөтпөгөн сессиядан кийин мэр Албек Ибраимовдун кайрылуусу

Turmush -  Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов кезексиз сессияга чогулган шаардык кеңештин ишеним көрсөтпөө тууралуу чечимине комментарий берди.

А.Ибраимов тараткан видеотасмада: «Тилекке каршы мен Бишкек шаардык кеңешиндеги окуя тууралуу кечирээк угуп калдым. Мен 3 күн тоодо жүргөндүктөн уккан эмесмин. Болуп өткөн окуяларга байланыштуу кыска убакыттын ичинде конкреттүү билдирүү таратам», - деди.

Ал бишкектиктер ага чоң жардам көрсөткөнүн айткан.

«Биринчиден, сиздерге чоң ыраазычылык билдирем. Бишкектин муниципалдык кызматкерлери менен сыймыктанам, шаарды өнүктүрүү программасы боюнча аткарылган чоң иштер үчүн ыраазычылык билдирем. Мен дайыма сиздер мененмин. Андыктан бүгүнкү чечимди саясий буйрутма деп эсептейм», - деген А.Ибраимов түз эфирде бардык суроолорго жооп берүүгө даяр экенин айткан.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары шаардын мэри Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин бүгүн, 13-июлдагы кезексиз жыйында добуш берүүнүн жыйынтыгы менен кабыл алышты.

Мэрге ишеним көрсөтпөөгө жыйынга катышып жаткан 40 депутаттын бардыгы «макул» болгон. Мындай жол менен Албек Ибраимов отставкага кетирилди.

Эсептөө комиссиясынын жетекчиси, депутат Валентина Лисниченко добуш берүү жашыруун түрдө регламент боюнча өткөнүн билдирген.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×