Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 13.07.2018 12:32 На русском

БШКнын депутаттары Бишкектин мэри Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алышты

Turmush -  Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары шаардын мэри Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алды. Мындай чечим бүгүн, 13-июлдагы кезексиз жыйындагы добуш берүүнүн жыйынтыгында белгилүү болду.

Мэрге ишеним көрсөтпөөгө жыйынга катышып жаткан 40 депутаттын бардыгы «макул» болушкан. Мындай жол менен Бишкектин мэри Албек Ибраимов отставкага кетирилди.

Эсептөө комиссиясынын жетекчиси, депутат Валентина Лисниченко добуш берүү жашыруун түрдө регламент боюнча өткөндүгүн билдирди.

Бүгүн, 13-июлда эртең менен Бишкек шаардык кеңешинин 40ка жакын депутаты кезексиз сессияга чогулгандыгы белгилүү болгон. Күн тартибиндеги жалгыз маселе — фракциялардын лидерлеринин кайрылуусу.

Сессияга эмгек өргүүдө жүргөн мэр Албек Ибраимов келген эмес. Ал эми мэрдин милдетин вице-мэр Бакыт Дюшембиев аткарып жаткан.

Сессиянын башталышында шаардык кеңештин депутаты Рысбай Ааматов («Өнүгүү-Прогресс») мэр А.Ибраимовго ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселесин добушка коюуну сунуштаган. Буга чейин бүгүнкү кезексиз сессияда мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүлүшү мүмкүндүгү айтылган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×