Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Баракелде

Депутат О.Артыкбаев Бишкектеги ооруканада операция жасатууга даярданууда

Turmush -  Депутат Осмонбек Артыкбаев операция жасатууга даярданууда. Бул тууралуу АКИpress агенттигине анын жактоочусу Айжана Орозакунова билдирди.

Анын айтымында, депутат М.Миррахимов атындагы кардиология жана терапия улуттук борборуна жаткырылды.

«Артыкбаев М.Миррахимов атындагы кардиология жана терапия улуттук борборунда дарыланып жатат. Азыркы учурда операцияга (жүрөк оорусу боюнча) даярданып жатат», - деди жактоочу.

Мурда Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевге карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш иш козгогондугу маалымдалган. Кийинчерээк козголгон кылмыш иштин алкагында УКМК тарабынан камакка алынган болчу.

Бүгүн, 10-июлда Осмонбек Артыкбаев ооруканага жаткырылгандыгы маалым болгон.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1345
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×