Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Баракелде 09.07.2018 17:58

Кыргызстанда жыл башынан бери 57 адам сууга чөгүп каза болду

Turmush -  2018-жылдын башынан бери Кыргызстанда 57 адам сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда ӨКМден билдиришти.

«Кыргызстандын аймагында жыл башынан бери 57 адам сууга чөгүп каза болгон болсо, алардын ичинен 38и эркектер, 6су аялдар, 13ү жаш балдар. Жай мезгилиндеги сууга түшүү сезону башталгандан бери эле 35 адам каза болсо, алардын ичинен 23 эркектер, 3 аялдар, 9 жаш балдар. Сууга түшүп каза болгондордун эң көбү Чүй облусуна туура келип, 16 адамды түзсө, 2-орунда Жалал-Абад облусу болуп, 12 адам сууга чөгүп каза болгон. Бишкек шаарында 8 адам, Ош шаарында 5 адам, Ош облусунда 5 адам, Баткен облусунда 5 адам, Ысык-Көл облусунда 5 адам, Талас облусунда 1 адам сууга чөгүп каза болушкан. Бактыга жараша Нарын облусунда сууга чөгүп каза болгондор катталган эмес», - деди ӨКМдин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы Мухамед Сваров

ӨКМдин алдындагы Суучулдар кызматынын башчысы Урматбек Шармыкановдун суучулдарга керектүү жабдыктар жетишпейт.

«Суучулдардын сууга түшүү үчүн атайын кийимдери жетишсиз болуп жатат. Андан сырткары, кайыгыбыз бар, бирок мотору жок», - деди Шамырканов.

Маалыматты уккан министр Н.Мирзахмедов тиешелүү жетекчилерге суучулдар кызматын шаймандар, атайын кийимдер жана кайык менен камсыздап берүү тапшырмасын берди. Андан сырткары жарандардын сууга чөгүп каза болууларынын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер канааттандырарлык болбой жаткандыгына токтолду.

«Минтип каза болгондордун эсебин алып жүрө берүү туура эмес. Алдын алуу иштерин жандандыруу керек. Бардык шарттары бар, атайын даярдалган сууга түшүүчү жайларда бир да сууга чөгүп каза болгондор катталган эмес. Бардыгы ачык жерлердеги көлмөлөр менен агын сууларда болуп жатат. Демек ошондой жерлерге ээлик кылышып, кароосуз калтырган тиешелүү органдарга, өз алдынча барып, сууга түшкөндөргө айып пул салуу жагын да карап көрүү керек. Жарандарыбыз каза болуп жатса, эч ким жоопкерчилик тартпаса – бул кайдыгерлик. Керек болсо, мыйзам иштеп чыгалы», - деди министр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×