Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Баракелде, Бишкек 09.07.2018 09:56 На русском

Фото — 23 жаштагы Алтынай Украинада өткөн эл аралык сулуулар сынагында баш байгени жеңип алды

Turmush -  Украинанын Одесса шаарында өткөн сулуулар сынагына Кыргызстандын атынан катышкан Алтынай Абдымомунова баш байгени жеңип алды. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Алтынайдын айтымында, аталган сынакка 11 мамлекттен 17 кыз катышкан.

«Интернетте онлайн тандоо кастинги болду. Андан өткөндөн кийин сынакка чакырылдым. Сынакка 11 мамлекеттен, тактап айтканда Украина, Израиль, Албания, Эстония, Германия, Румыния, Молдова, Белоруссия, Болгария жана Австриядан келген 17 кыз катышты. Мен Кыргызстандын атынан бардым. Жыйынтыгында "Miss Tourism International Ukraine, Black Sea — 2018" сынагынын жеңүүчүсү аталдым. Ал эми "Вице-мисс" наамын Израилден келген сулуу багындырса, "Мисс бикини" наамына молдовалык сулуу татыктуу болду. Ошондой эле "Мисс туризм Украина — 2018" улуттук наамын Луцка шаарынан келген бийкеч Влада Путава жеңип алды. Мен сынакка өзүм эле даярданып бардым. Улуттук кийимдерди табууга ата-энем жардам берди. Сынакта улуттук жана кече кийим менен чыгып, атайын даярдалган тасмаларды көрсөттүк. Улуттук кийим менен чыкканда өзүбүздү тааныштырсак, кече кийим менен бийлеп бердик», - деди ал.

Аталган сынак Одесса шаарында экинчи жолу өтүп жатканын айткан жеңүүчү буга чейин бир нече эл аралык сынакка катышканын кошумчалады.

«Кыргызстандын атынан буга чейин бир нече эл аралык сынакка катышкам. Былтыр Тайванда өткөн "Global Charity Queen — 2017", Арменияда өткөн "КМШ Топ-модель" сынактарында, "Мисс жылмаю" наамын алгам. Быйыл апрель айында Индияда өткөн "Miss Glam World" сынагына да катышып келдим» - деди ал.

Алтынай 1995-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу.

«Өзүм юрист кесиби боюнча билим алып чыккам. Кесибим боюнча эмгектенип, үй-бүлө куруп, жолдошума жакшы келинчек болгум келет. Бош убактымда спорт, бий жана музыка менен алектенем» - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×