Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Баракелде, Дүйнө 07.07.2018 12:19 На русском

1 жаштагы уулунун денесине 10го жакын ийне сайган тажикстандык келин кармалды

Turmush -  Тажикстандагы Рудаки айылында жашаган келин бир жаштагы уулунун денесине ийнелерди атайын сайганы ачыкка чыкты. Ал мындай кадамга Россиядагы күйөөсүн үйүнө кайтарып келүү максатында барган. Учурда шектүү аял камакта.

Буга чейин бул аймактагы ооруканага 1 жаштардагы бала оор абалда жеткирилгени маалымдалган. Аны рентген аркылуу текшерүү учурунда денесинде 10го жакын ийнелер бар экени көрүнгөн болчу.

Кийинчерээк Тажикстандын Ички иштер министрлиги ыкчам тергөө иштеринин жыйынтыгы менен баланын 26 жаштагы энесин шектүү деп тапкан. Шектүү аялга карата Кылмыш-жаза кодексинин ден соолукка атайын оор залал келтирүү беренеси менен кылмыш иш козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×