Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Баракелде, Бишкек 06.07.2018 08:39

Көк бөрү федерациясынын президенти И.Илмиянов отставкага кетти

Turmush -  Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Икрамжан Илмиянов өз каалоосу менен отставкага кетти.

Аталган федерациядан Sport АКИpress басылмасына билдиришкендей, И.Илмияновдун отставкага кетүүсүнө ден соолугунун абалы жана үй-бүлөлүк жагдай себеп болгон.

Кечээ, 5-июлда Бишкек шаарында федерациянын кезектеги съезди өтүп, анда негизги маселе катары жаңы президентти шайлоо каралды. Съездге республиканын бардык облустарынан жана Бишкек, Ош шаарларынан 77 делегат катышты.

Съезддин катышуучулары буга чейин федерациянын вице-президенти кызматын аркалап келген Жыргалбек Саматовдун талапкерлигин бир добуштан колдошту.

Икрамжан Илмиянов Көк бөрү федерациясынын президенти болуп 2017-жылдын апрель айында дайындалган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×