Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Баракелде

Бельгиянын дарбазачысы кыргызстандык А.Алтыбаев менен жолугуп, футболкасын белекке берди (видео, фото)

Turmush -  Кыргызстандык Арсен Алтыбаев Бельгиянын футбол боюнча курамасынын дарбазачысы Симон Миньоле менен жолугуп, анын футболкасын белекке алды.

Буга чейин кыргызстандык күйөрман Бельгия менен Япониянын курамаларынын оюнуна, тактап айтканда 1/8 финалга күбө болгон. Ал оюнга «Миньоле сенин футболкаңды алсам болобу?» деген жазуусу бар кагаз (плакат) көтөрүп келген болчу.

Оюндан кийин Миньоле күйөрманды Twitter аркылуу издөөнү чечкен.

«Мага сиздерден жардам керек. Бул жигитти таба аласыздарбы?», - деп жазган дарбазачы.

Кечээ, 5-июлда Арсен менен Миньоле Казань шаарында жолугушту. Дарбазачы кол тамгасы түшүрүлгөн футболканы Арсенге берип, андан «Ливерпуль» клубунун эн белгиси түшүрүлгөн футболка менен күйөрман стадионго көтөрүп чыккан плакатты белекке алды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1185
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×