Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Баракелде

Жигитинин реакциясын жактырбаган индиялык кыз ак көйнөгүн айрып, үйлөнүү тоюн токтотту

Turmush -  Индиянын Бихар штатында турмушка узап жаткан кыз ак көйнөгүн айрып, үйлөнүү тоюн токтотту. Анын мындай кадамга барышына жигитинин чагылганга болгон реакциясы себеп болгон. Бул тууралуу «Сегодня» басылмасы жазып чыкты.

Аталган кыздын айтымында, болочоктогу күйөөсү өзүн чыныгы эркектердей көрсөтө алган эмес. Мындан улам ал нике жараянына катышуу чечиминен баш тартып, залдан чыгып кеткен.

Үйлөнүү тойдун айрым ырым-жырымдары жасалып калгандыгына байланыштуу жигиттин туугандары бул көрүнүшкө катуу каршылык көрсөтүшкөн. Ошентип кыздын жакындары менен баланын туугандарынын ортосунда уруш чыгып, ал мушташуу менен аяктаган. Бул окуядан кийин кыздын 3 тууганы камакка алынган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3306
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×